АКШ менен Австралия Кытайды согушту токтотуу үчүн Орусияга таасир этүүгө чакырды

  • 1 месяц мурун

АКШ менен Австралия Орусияга таасир эте ала турган өлкөлөрдөн, атап айтканда Кытайдан Украинадагы согушту токтотууну талап кылууну сурады.

Бул тууралуу Пентагондун АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Пентагондун башчысы Ллойд Остин жана алардын австралиялык кесиптештери Пенни Вонг жана Ричард Марлес катышкан АКШдагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жасаган билдирүүсүндө айтылды.

«Жетекчилер Орусияга таасири бар бардык адамдарды, өзгөчө Кытайды бардык таасирин согушту токтотууга колдонууга жана Орусиянын коргонуу өнөр жайына колдоо көрсөтпөөгө чакырышты. Алар Орусиянын мыйзамсыз согушун колдогондор кесепеттерге дуушар болорун жана Орусия согушун материалдык жактан колдогон үчүнчү өлкөлөрдүн субъекттерине каршы санкцияларды күчөтүүгө ниеттенип жатканын ырасташты» деп айтылат билдирүүдө.

Тараптар Орусияны Украинанын эл аралык коомчулук тааныган чек араларынан аскерлерин чыгарып кетүүгө жана Украинага келтирген зыянды төлөп берүүгө үндөштү.

Саясатчылар «тынчтык саммитин» колдоорун билдирип, БУУнун уставына ылайык, Украинада адилеттүү, ар тараптуу жана туруктуу тынчтыкка жетишүү зарылдыгын ырасташты.

Бээжин Украинадагы согушта “бейтарап позицияны” карманганын айтып келет. Кытай бийлиги Москванын кол салуусун айыптабайт жана согуш отуна май тамызып жатат деп Батышты айыптоодо. Ошол эле маалда Крымды жана Украинанын оккупацияланган башка аймактарын Орусиянын бөлүгү деп санабайт.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты