«Аккула» ат майданынын ордуна вьетнамдык компания кичи район курат

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарындагы «Аккула» ат майданынын ордуна кичи район курулат.  Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин 29-августтагы кезексиз жыйынында мэрдин орун басары Азамат Кадыров билдирди. Шаардык кеңеш “Аккула” ат майданын эки ишканага түз сатуу боюнча токтом долбоорун карап, колдоп берди.

Мэрдин орун басары Азамат Кадыровдун айтымында «Аккула» ат майданы эки жолу аукционго чыгарылып, ага бир да жаран катышкан эмес.

«Бишкек шаарынын мэриясына 8-июлда вьетнамдык ROX Group жана TNG Global Foundation деген компаниялардан кайрылуу түшкөн. Алар ипподромду толук кандуу сатып алып, өздөштүрүү боюнча сунуштарын беришип, биз бир нече жолу жолугушууларды өткөргөнбүз. Алар өзүнүн презентациясын даярдап, көрсөтүштү. Алар биздин жергиликтүү бюждетке 67 млн доллар төлөп, андан сырткары социалды объектилерди ( үч мектеп, үч бала бакча, бейтапкана, сейил бакча, сквер, магистралдык жолдор) толук кандуу өзүлөрүнүн каражатына салып, муниципалитетке өткөрүп берүүгө милдеттеме алып жатышат. Жалпылап эсептесек, муниципалитетке өткөрүп берген инвестициясы 145 миңден 150 млн долларга барабар болууда. Мындан сырткары бул долбоорго 1 млрд доллардан каражат жумшайбыз деп жатышат»,- деген Кадыров.

Ошондой эле ал компаниялардын бул долбоор боюнча концепциясында ипподромдун ордуна келе турган кичи район «Аккула» деп аталары, бийиктиги 200 метрден жогору имараттар курула тургандыгы көрсөтүлгөнүн кошумчалаган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты