“Акча жактан жардам берем”. Эмгек министрлиги Орусиядагы мигранттарды азгырыктардан алыс болууга чакырды

Орусиялык басылмалар Москвадагы “Крокус Сити Холл” соода борборунда теракт жасоого шектелгендер Телеграм-каналы аркылуу тартылганын жазып чыгышты. “Риа Новости” маалымат агенттиги “Ислам мамлекети”(Кыргызстанда тыюу салынган террористтик уюм) шектүүлөрдү кылмышка Телеграм-канал аркылуу тартканын өздүк булагына таянып жазган. Алардын өздүк булагынын маалыматы боюнча, бул Телеграм-канал “Садои Хуросон” деп аталган. Учурда аталган канал белгисиз себептерден улам өчүрүлгөнүн жазышты. Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиянын аймагында жашаган кыргызстандыктарды Телеграм мессенджерлериндеги азгырыктардан алыс болууга чакырды.

“ПолитКлиника” медиасы терордук актыларга чакырууларды таратып жаткан Телеграм-каналдарды текшерип көрдү. 

Жүздөн ашык кишинин өлүмүнө алып келген кол салуу 

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити Холл” деп аталган соода борборуна кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды карай аткылай баштаган. Андан имараттагы 6 миңден ашык адамдын кеминде 144ү каза тапкан. Бул кол салууга «Ислам мамлекети»(Кыргызстанда тыюу салынган террористтик уюм) террордук уюмунун ооган канаты жоопкерчилик алды. 

Тергөө комитети кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган. 22-марттагы окуядан кийин Орусияда терроризм боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө комитети буга чейин 12 шектүү кармалганын билдирген. Алардын тогузу камакка алынганы белгилүү. Орусиялык маалымат каражаттары Москвадагы “Крокус Ситидеги” теракты жасоого шектелгендер Телеграм-каналы аркылуу тартылганын жазып чыгышкан.

“Акча жактан жардам берем”. Эмгек министрлиги Орусиядагы мигранттарды азгырыктардан алыс болууга чакырды

Мектеп окуучуларын мессенджерлер аркылуу террордук актыларга үгүттөгөн учурлар катталды

“Вестник киберполиции России” деген Телеграм-каналы Крокус Ситидеги теракттан кийин орусиялык мектеп окуучулары мессенджерлер аркылуу ар кайсы аймактарда теракт жасоо сунуштары менен массалык түрдө билдирүүлөрдү ала баштаганын жазып чыкты. Телеграм-канал балдарга жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн скриншотторун дагы жарыялады. Анда теракт жасаганы үчүн ар кандай сумманы убада кылышат.

Мындай билдирүүлөр келген учурда эмне кылуу керек?

Аталган Телеграм-канал мындай сунуштар менен билдирүү келген учурда өспүрүмдөргө эмне кылуу керектигин жазып чыккан: 

  1. Алар менен жазышпоо керек;
  2. Жөнөтүүчүнүн телефон номери көрүнүп тургандай кылып, бардык жөнөтүлгөн билдирүүлөрдү скриншот кылуу зарыл;
  3. Скриншот кылгандан кийин чоңдорго жана полицияга алынган билдирүү жөнүндө кабарлоо шарт;
  4. Аны бөгөттөө үчүн мессенжердин администрациясына билдирүү жөнөткөн колдонуучу тууралуу даттаныңыз;
  5. Мессенджер профилинин жөндөөлөрүнөн, белгисиз телефон номерлерден келген билдирүүлөрдү болтурбоо үчүн купуялык чектөөлөрүн киргизүү керек.

Теракт жасоо боюнча 10 миңдеген билдирүү бөгөттөлгөнү кабарланды

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мессенджерлер барган сайын террористтердин куралына айланып баратканын билдирген. Ал Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровдун буга көбүрөөк көңүл бурушун күтүшөрүн айткан. 29-мартта Павел Дуров бир нече күндүн ичинде «теракт кылуу боюнча 10 миңдеген чакырык жасоо аракетине» бөгөт коюлганын билдирди. Анын айтымында, буга байланыштуу миңдеген колдонуучу бөгөттөлдү. “Төрт күн мурда Telegram’дын орус тилдүү колдонуучулары чоочун кишилерден терактка чакырган билдирүүлөр келип жатканына даттана башташкан. Биз бир сааттын ичинде бир катар техникалык чараларды көрүп, мындай активдүүлүктү токтоттук”, — деди Дуров.

Эмгек министрлиги кыргызстандыктарды азгырыктардан алыс болууга чакырды

28-мартта Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү социалдык тармактар ​​жана Telegram мессенджери аркылуу, Орусиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды ар кандай чагымчылдыкка алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, акцияларга катышпоого, ошондой эле балдарды көзөмөлдөөгө чакырды. Аталган министрлик террордук актыга катышуу Орусия Федерациясынын кылмыш-жаза мыйзамдары менен өмүр бою эркинен ажыратылганга чейин жазаланарын эскертти.

Биз мигранттардын “Москвадагы Кыргыздар” деген аталыштагы Телеграм-каналын карап көрдүк. Каналга 10 миңден ашуун адам катталган. Ал жакта түз мааниде терордук актыга үгүттөгөн билдирүүлөрдү көрө алган жокпуз. Бирок акчага муктаж болуп жаткандарга жардам берүүнү сунуштагандарды көрүүгө болот. Ошондой белгисиз жумуштарды сунуштап, күнүнө жакшы акчаларды табуу боюнча сунуштар жазылган.

“Акча жактан жардам берем”. Эмгек министрлиги Орусиядагы мигранттарды азгырыктардан алыс болууга чакырды
“Акча жактан жардам берем”. Эмгек министрлиги Орусиядагы мигранттарды азгырыктардан алыс болууга чакырды
“Акча жактан жардам берем”. Эмгек министрлиги Орусиядагы мигранттарды азгырыктардан алыс болууга чакырды
“Акча жактан жардам берем”. Эмгек министрлиги Орусиядагы мигранттарды азгырыктардан алыс болууга чакырды
“Акча жактан жардам берем”. Эмгек министрлиги Орусиядагы мигранттарды азгырыктардан алыс болууга чакырды

Жыйынтык: Телеграм-каналдары аркылуу чоң суммадагы акча  сунуштоо менен ар кандай жумуштарга азгырыктар болот. Ошондой эле, мессенджерлерди пайдалануу менен террордук актыларды уюуштурууга чакырыктар да катталган. 

Социалдык тармактардагы күмөндүү жумуштарга орношуудан этият болуңуздар! 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты