Ак-Талаа районунун Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарында сел жүрдү
- 2 месяца мурун
20-июнда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, бир катар турак жайларга жана инфраструктура объектилерине зыян келтирген.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов сел жүргөн жерлерде болуп, тургундар менен жолугушту.
Маалыматта айтылгандай, Жаңы-Тилек айылында сел суулары каптаган турак жайлардын ээлери менен жолугушуу учурунда сел калдыктары топтолгон каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлөрүн, ошондой эле жергиликтүү тургундардын өтүнүчү боюнча коргоо курулмаларын куруу маселеси тиешелүү инженердик адистердин корутундусунун негизинде чечилерин түшүндүрдү.
Ак-Чий айылынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан 6 турак жайды коргоо боюнча иштерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чаралар планына 2026-жылга кошумча киргизүү боюнча сунуштарды берди.
«Мыкаачы» суусунун нугунда топтолгон сел калдыктарын жана бак-дарактарды тазалоо боюнча тиешелүү тапшырмалар коюлду.
Сүрөт: ӨКМ




