“Ак кула” ат майданы 53,61 га жери менен эки компанияга түз сатылат

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаардык мэриясы ROX Group жана TNG Global Foundation компанияларынын 2024-жылдын 8-июлундагы сунушун эске алып, «Ак-Кула» ат майданы» мүлк комплексин түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү тууралу Бишкек шаар кеңешине токтом долбоорун киргизди.

Бул тууралуу Бишкек шаар кеңеши билдирди.

Токтом «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 12, 13, 19-беренелерине «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык кабыл алынды.

«ROX Group» жана «TNG Global Foundation» компанияларына «Ак-Кула» ат майданы» мүлк комплексин жалпы аянты 53,61 га жер участогу менен түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирилип берилмекчи.

 «ROX Group» жана «TNG Global Foundation» компаниялары өз каражатынын эсебинен төмөнкүлөрдү куруп, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берүү шарты жактырылды;

-келишимдин шарттарына ылайык, жалпы билим берүү мекемелерин, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин, шаардык жолдорду, сейил бак аймагын курат жана менчикке өткөрүп берет.

«Ак кула» ат майданы буга чейин үч жолу аукционго коюлган. Көз карандысыз экспертиза тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 731 917 000 (сегиз миллиард жети жүз отуз бир миллион тогуз жүз он жети миң) сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.

“Ак кула” ат майданы 53,61 га жери менен эки компанияга түз сатылат

Сүрөттө: «Ак кула» ат майданы. Бишкек шаардык мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты