Ак калпак күнү. Куттуктоо
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады.
Куттуктоодо мындай деп айтылат:
«Сиздерди Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Бул күн – куттуу элибиздин руханий жактан өнүгүшүнө, баалуулуктарыбыз баштаган бай маданий мурастарыбызды жайылтууга салым кошом деген жарандардын, мамлекетибиздин өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана эртеңки келечегине кайдыгер карабаган мекендештерибиздин башын кошо турган өзгөчө күн!
Ата-бабаларыбыздын бизге – урпактарга калтырган материалдык эмес маданий табериги улуттук маданиятыбыздын маанилүү бөлүгү, улуттук аң-сезимдин негизи болуп, муундардын жана доорлордун руханий байланышын бекемдөөдө жана өлкөбүздүн маданий саясатын калыптандырууда негизги ролду ойнойт.
Улуттук кийим – бул жөн эле кийим эмес, ал элдин тарыхы, маданияты, каада-салты жана жашоо-турмушу. Ал улуттун өзгөчөлүгүнүн сактоого жардам берет. Мына ошондуктан бул майрам мамлекетибиздин булуң-бурчунда – айылдар менен шаарларында чоң кубаныч, өзгөчө сезим менен белгиленип келет».
Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен 5-март ак калпак күнү деп расмий кабыл алынган.
- Расмий эмес түрдө ак калпак күнү 2011-жылдын 5-мартынан бери белгиленип келе жатканы белгилүү.
- Нечен кылымдардан мурас болуп калган улуттук баш кийимин аздектөө, кыргыз элинин баалуулугу катары белгилөө максатында демилге көтөргөн режиссер Рысбек Жабиров болгон.
- 2018-жылы ак калпак күнү Бишкекте бир тонна бешбармак жасалган.
- 2018-жылы маданият министрлиги калпакты импорттоого тыюу салууну сунуштаган.
- Буга чейин Жогорку Кеңеште бийлик башындагыларды жана спортчуларды чет элге барганда калпак кийүүгө милдеттендирүү демилгеси да көтөрүлгөн.
Сүрөт: «Азаттык».