Аюу-Төр капчыгайында таш, топурак түшүп, 75 киши өтө албай калган
- 4 недели мурун
- Видео
Аюу-Төр капчыгайында таш, топурак түшүп, өтө албай калган 75 кишиге бүгүн, 15-июлда, жардам барды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ысык-Көл облустук башкармалыгы билдирди.
14-июлда Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районунун “Каракол” жаратылыш паркындагы Аюу-Төр капчыгайында тоо этектеринен таш-топурак Каракол суусуна түшкөндүктөн, суунун нугу бурулуп, ички чарбалык жолду жууп кеткен.
Капчыгайдын жогору жагында болжол менен 40 турист, 35 жергиликтүү тургун жана 8 унаа өтө албай калган. Аталган аймакта база жайгашкан, жарандар базада түнөп калышкан. Жабыркагандар жок.
Жерине Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. 15-июль күнү Ак-Суу райондук Жарандык коргону кызматтарынан жана жергиликтүү бийлик тарабынан техника тартылып, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: ӨКМ Ысык-Көл башкармалыгы




