Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган Аселден кабар алды

  • 9 месяцев мурун

Биринчи айым Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсү тарабынан мыкаачылык менен бычакталып, кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаевадан кабар алды. Бул тууралуу биринчи айымдын социалдык тармактагы расмий баракчасында кабарланды.

«Кыздарыбыз кайсыл жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек. Башынан азаптуу күндү өткөргөнүнө карабай Асел кайраттуу, жаркылдаган мыкты мүнөзү бар кыздарыбыздын бири экен. Белегиң үчүн чоң рахмат! Бардыгы жакшы болот!», — деп жазды биринчи айым.

Белгилей кетсек, Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аял бычакталып, кийин ооруканага жеткирилгени жөнүндө маалымат милицияга келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Денеге оор залал келтирүү”) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалган.

Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган.

Биринчиси 2022-жылдын сентябрында, экинчиси 2023-жылдын 31-январында.

Шектүү Сокулук райондук сотунун чечими менен 20-ноябрга чейин камакка алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты