Айдаркен шаарында турак үйдөн өрт чыкты
- 1 неделя мурун
Бүгүн, 8-январда, Айдаркен шаарында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 6:18де Кадамжай районунан бир бөлүм жана кошумча саат 7:26да 2-бөлүм тартылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Саат 7:43тө чектөөгө алынып, саат 8:55те өчүрүлдү.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү