Айдарбеков «Альянс» фракциясы Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө долбооруна каршы экенин айтты

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков «Альянс» фракциясы Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-июнда «Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары» деп аталган жыйында билдирди.

«Биздин фракциябыздан эки депутат аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин тобунан чыгышты. Ошондуктан фракциябыздан бир дагы депутат демилгечилердин катарында эмес. Фракция бул мыйзам долбооруна каршы чыгат», — деди Айдарбеков.

Былтыр ноябрь айында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетине качан киргизилери азырынча белгисиз. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Надира Нарматова баш болгон Жогорку Кеңештин 30дан ашуун депутаты.

31-майда парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууну сунуштаган. «Мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдарды чет элдик агент катары эсептөө сунушталууда. Анда коммерциялык эмес уюмдардын көбү жабылат. Бул мыйзам долбоорун кайра карап чыгыш керек, көп уюмдар жабылып же өлкөдөн чыгып кетишет. Эгер мыйзам бузуу болсо, биздин ишибизге киришсе, башка механизмдер бар», — деген Бекешев.

Мыйзам долбооруна демилгечи болуудан бир канча депутат баш тарткан.

Бир катар эл аралык уюмдар «чет өлкөлүк өкүл» долбоорун четке кагуу боюнча кыргыз бийлигине кайрылышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты