Адвокат оператор Калыс Ашырбаевге карата иш мыйзамсыз козголгонун билдирди

  • 2 года мурун

Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын иши боюнча кармалып, камакка алынган оператор Калыс Бактыбек уулунун (Ашырбаев) адвокаты Жаманкул Жунусов операторго карата иш мыйзамсыз козголгонун айтууда.

Адвокат бул иш бийликти сындап келген журналист Санрабия Сатыбалдиеваны камоо үчүн ойлоп табылган деген пикирин «Азаттык» радиосуна билдирген.

«Мен арыз менен таанышсам, Баяна Кулова Шайырбек Ташиевди «бир тууган агам» деп, анын атынан арыз жазыптыр. Бирок Баянанын аты-жөнү, туулган жери да башка экен, демек бир тууган эмес. Ташиев үчүн жазып жаткан адам кантип жабырлануучу болот? Шайырбек Ташиев өз укугун өзү коргой албайбы? Жашы жете элек балабы же өзүнүн кыймыл-аракетин көзөмөлдөй албайбы? Кулова Ташиевдин асырап алган кишисиби? Кулова кантип анын атынан арыз жазат? Анын арызы дагы, ал боюнча «Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен козголгон кылмыш иши да мыйзамсыз. Бул иш журналист кызды камоо үчүн атайын алдын ала ойлонулганы көрүнүп турат. Калысты кармаган күнү эле адвокатсыз сурап, көрсөтмө алышкан. Кулова Калыска тосмо арыз жазып берген, бирок сот көпкө кеңешип, Калысты 15 суткага камады. Аны кое берип жиберсе, көрсөтмөлөрүнөн баш тартып коет деп чочулашууда», — деген Жунусов.

Адвокат Жунусов оператордон Санрабия Сатыбалдиевага каршы көрсөтмө бериши талап кылынганын белгиледи.

Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан «МИР 24 kg» порталынын башкы директору Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалганы кабарланган. Аны 4-ноябрга караган түнү, түнкү саат 1де алып кетишкен. Анын кош бойлуу экенине, дарыгерлер «боюнан түшүү коркунучу бар» дегенине да карашкан эмес. Бул ишке байланыштуу ошондой эле оператор Калыс Ашырбеков да кармалган.

«Опузалап акча талап кылууга» шек саналып кармалган Санрабия Сатыбалдиева тергөөчүнүн «эч жакка кетпөө» тууралуу токтомунун негизинде бошотулган. Учурда Сатыбалдиева республикалык ооруканада дарыланып жатат.

Оператор Калыс Ашырбаев убактылуу камоочу жайга киргизилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты