Адилет Токтогазиев Бишкектеги хореографиялык окуу жайдын директору болуп дайындалды
- 1 год мурун
Адилет Токтогазиев Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта жаңы директордун өмүр баяны тууралуу кенен маалымат берилди.
Токтогазиев Адилет 1971-жылы 8-июнда Нарын облусунда төрөлгөн.
Билими жогорку. 1981-1989-жылдары Фрунзе шаарындагы хореографиялык окуу жайында окуп, балет артисти адистигин алган. Андан соң, 1989-1995-жылдары Москва мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуп, балетмейстер-педагог квалификациясына ээ болгон.
Ал АКШдагы “Carnival Cruise Lines” компаниясында хореограф жана бийчи болуп иштеген. Москва шаарындагы Наталия Сац атындагы театрда балет солисти болгон. Ошондой эле, Кыргызстандын паралимпиадалык спорттук бий федерациясында башкы машыктыруучу болуп эмгектенген.
Чыгармачылык ишмердүүлүгүндө 30дан ашуун бий койгон, алардын катарында кыргыз улуттук, заманбап, инклюзив жана классикалык бийлер бар. Москва, Санкт-Петербург, АКШ жана башка өлкөлөрдө эл аралык деңгээлдеги белгилүү шоу-концерттерге катышкан.
2017-жылдан бери Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында хореография режиссурасы кафедрасынын башчысы болуп иштеп келген.




