Адахан Мадумаров камакта калтырылды

  • 8 месяцев мурун

Депутат Адахан Мадумаров камакта калтырылды.

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда судья аны үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттарынын өтүнүчүн карап, канааттандырган жок.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Адахан Мадумаров 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-сентябрда кабыл алды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү таратты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты