Абдил Сегизбаев ИИМде сурак берип чыкты

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип чыкты. Бул тууралуу КСДП партиясынын мүчөсү Нурсултан Эламанов «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

Белгилей кетсек, 14-августта Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевди милиция кызматкерлери ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына сурак берүү үчүн алып кеткени белгилүү болгон. Ал УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоодогу кен боюнча жасаган кайрылуусуна байланыштуу суракка алынып жатканы айтылган. Андан көп өтпөй Сегизбаев өзү дагы суракка алынып келингени кабарланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты