Абдил Сегизбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка алынып келинди

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына сурак берүү үчүн алынып келинди. Бул тууралуу маалымат Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасына жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, Сегизбаев Жетим-Тоодогу кен боюнча жасаган кайрылуусуна байланыштуу суракка алынууда.

Бүгүн, 14-августта Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевди ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкени белгилүү болгон. Анын суракка алынуусуна дагы Сегизбаевдин Жетим-Тоодогу кен боюнча кайрылуусу себеп болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты