Аба ырайынын ысык болушу күтүлүүдө
- 2 года мурун
26-30-июнда ысык аба ырайы күтүлүүдө.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.
Ал күндөрү абанын күндүзгү температурасы:
— Чүй өрөөнүндө 36…38°ка чейин;
-Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 38…40°ка чейин жогорулашы мүмкүн.
ӨКМ: «Урматтуу жарандар, абанын температурасы абдан ысыган учурда көлөкөдө болуңуздар!.Өзгөчө улуу муундагылар, жаш балдар жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар салкын жайда болуусу зарыл!» экенин эскертет.
Муну бөлүшүү