Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

  • 3 года мурун

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык 4-5-ноябрда түнкүсүн аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

4-6-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

 Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2…-7°;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -10…-15° суук болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты