Аба ырайы өзгөрүп, жаан-чачын күтүлөт

  • 2 года мурун

11-12-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт:

12-13-сентябрь күнү:

— Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°;

 -Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°;

 -Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°, бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5°, күндүз 4…9°га чейин төмөндөйт.

 -Ал эми бул күндөрү Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүзү 18…23°;

 -Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты