Аба ырайы: Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт
- 12 месяцев мурун
Кыргызгидромет борборунун билдирүүсүнө караганда, бүгүн, 25-ноябрда, түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз күн ачык, түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус жылуу болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 11…13° жылуу болот.




