Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

  • 2 года мурун

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча бүгүн, 16-декабрда, түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.
Түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар  жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…-9;

Талас облусунда  түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°, күндүз -4…-6° суук болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты