Аба ырайы: Айрым жерлерге туман түшөт
- 4 недели мурун
Бүгүн, 19-январда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчалык аймактарында, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаабайт, айрым жерлерге туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5, күндүз +4…+9;
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1;
Баткен облусунда түнкүсүн -1… -6, күндүз +5…+10;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз +5…+7° суук болушу күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан