Аба ырайы: Айрым жерлерде жаан жаайт

  • 1 год мурун

26-мартка караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;

Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 0…-2° (үшүк), күндүзгү температурасы 12…14° болот.

26-27-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрөт.

26-28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек–Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол–Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Ала-Бука–Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка–Акташ автоунаа жолунун 1-2-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты