Аба ырайы: Айрым жерлерде өткүн өтөт
- 2 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүсү боюнча, бүгүн, 13-апрелде, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;
Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10°, күндүз +24…+26 болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




