Аба ырайы: 22-декабрь
- 2 года мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 22-декабрда, түнкүсүн Ысык-Көл облусунда кар жаашы күтүлөт жана мезгил-мезгили менен Чүй, Нарын облустарында кыламык кар жаайт, калган аймактарда кар жаабайт.
Күндүз Ысык-Көл облусунда кыламык кар жаайт, калган аймактарда кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл акваториясында секундуна 15-20 метр күтүлөт. Айрым жерлерге туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -12…-16, күндүз -2…-7;
Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10;
Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15°, күндүз -3… -5° болот.
Сүрөт: «ПолитКлиника»




