9-январдагы аба ырайы: Айрым жерлерге туман түшөт  

  • 2 недели мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 9-январда, өлкөдө кар жана жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жана тоого жакын райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Айрым жерлерге туман түшөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге чейин жетет.  

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8;

Талас облусунда түнкүсүн -2… -7, күндүз +4…+9;

Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +5…+10;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -9…-14;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү күтүлөт. Түнкүсүн -4…-6, күндүз +4…+6 градус жылуу.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты