9-сентябрда: Айрым жерлерде өткүн өтөт

  • 9 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 9-сентябрда, күңдүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 27…29° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты