9-майдагы аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 2 недели мурун
Кыргызгидромет борборунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 9-майда, түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоого жакын жана тоолуу аймактарында жаан жаайт, күн күркүрөйт.
Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 23…28;
Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Баткен облусунда түнкүсүн 15…20; күндүз 25-30;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус болот.
Бишкекте күндүн экинчи жарымында өткүн өтөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° жылуу болот.
9-11-майда республиканын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.
Сүрөт: Интернет булактарынан