№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу: Депутаттыкка талапкерликке 11 арыз түштү  

  • 1 месяц мурун

№9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерликке 11 арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

Алар:

  1. Ганишер Бадалов;
  2. Бакытбек Бакир;
  3. Турдубек Орунбаев;
  4. Сталбек Ажимаматов;
  5. Илимбек Кубанычбеков;
  6. Руслан Маматов;
  7. Толкун Эргешов;
  8. Дамирбек Давлянов;
  9. Раимжан Курбанов;
  10. Санжар Алимжан уулу;
  11. Амирбек Жунусов.

5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени айтылган.

22-февралда БШК Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевди мандатынан ажыраткан . 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

Ошондой эле Бишкек административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты