9-июнь: Айрым жерлерде 37 градуска чейин ысык болушу күтүлөт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызмат билдиргендей, бүгүн, 9-июнда, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткөн өтүшү күтүлөт, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан күтүлбөйт.
Күндүз Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүшү күтүлөт. Ош облусунун, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерди 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +32…+37;
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…36;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…20, күндүз +32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…15, күндүз +24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…11, күндүз +26…31;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болушу күтүлөт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…19, күндүз +34…36 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан