9-июлдагы аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 9-июлда, түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Ош облусунда өткүн катуу жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарынын өрөөндүү райондорунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан күтүлөт, Чүй облусунун тоолуу райондорунда катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-2- метрге чейин жетет.
Чүй облусунда түнкүсүн +17…22, күндүз +29…34;
Талас облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +25…30;
Баткен облусунда түнкүсүн +19…24, күндүз+ 29…34;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…25, күндүз +29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн +10…15, күндүз +21…26;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +20…22, күндүз +31…33 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




