9-июлда: Айрым жерлерде 38 градуска чейин ысык күтүлөт
- 1 неделя мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 9-июлда, күндүз Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +34…+36.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




