9-февралдагы аба ырайы
- 4 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 9-февралда, күндүз Баткен облусунда жаан жана кар жаайт. Ош жана Жалал- Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, ал эми дыйканчылык аймактарында кар жаабайт. Калган аймактарда кар жана жаан жаашы күтүлбөйт. Эртең менен айрым аймактарда туман түшөт. Түштүк- чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13;
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6;
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…+1, күндүз +13…+15.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




