9-августта: Айрым жерлерде 37 градуска чейин ысык болот
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 9-августта, Нарын облусунун көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында, Ош-Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде, Баткен облусунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндүү райондорунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37;
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;
Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…36;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +27…+32;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +18…+20, күндүз +34…+36.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




