9-апрель: Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 9-апрелде Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк жерлеринде түнкүсүн жаан, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт.
Күндүз Ош, Батен облустарынын көпчүлүк жерлеринде жана Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарында жаан жаайт, чагылган түшөт, Ош, Баткен облустарында жаан жаайт, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдыне ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл аймагында секундуна 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Баткен облусунда 9…14, күндүз 16…21;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндуз 13…18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 21…23° жылыйт.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg




