8-январдагы аба ырайы
- 5 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 8-январда, Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу жана тоого жакын райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Айрым жерлерге туман түшөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;
Талас облусунда түнкүсүн -1… -6, күндүз +2…+7;
Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -23…-28, күндүз -8…-12;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү күтүлөт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +6…+8 градус жылуу.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




