8-сентябрдагы аба ырайы: Айрым жерлерде өткүн өтөт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 8-сентябрда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбйөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында күн ачык болот, кечке жуук өткүн өтүшү ыктымал. Түнкүсүн +15…+16, күндүз +28…+30 градус.
Сүрөт: Адигине көлү. 7-сентябрь 2025-жыл. «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




