8-март: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн, 8-мартта, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10;
Ош, Жалал-Абад облустарында -2…+3, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3.
Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1° суук, күндүз 6…8° жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




