8-июнда: Жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт
- 1 месяц мурун
Кыргызгызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 8-июнда, түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан жаашы күтүлөт, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болушу күтүлөт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 29…31 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү