8-июнда: Айрым жерлерде 36 градуска чейин ысык күтүлөт  

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 8-июнда, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтөт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:   

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +15…+20;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 градус болот.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты