8-июлда: Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтөт

  • 1 год мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 8-июлда, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, Ысык-Көл облусунда өткүн катуу жаайт. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык  аймактарында жаан жаашы күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр,  Ысык-Көл акваториясында шамал секундуна 15-20 метрге чейин жетет.  

Абанын температурасы:   

Чүй облусунда түнкүсүн +16…21, күндүз +31…36;

Талас облусунда түнкүсүн +10…15, күндүз +29…34;

Баткен облусунда түнкүсүн +18…23, күндүз+ 31…36;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…23, күндүз +31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…17, күндүз +20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…14, күндүз +24…29;

Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +19…21, күндүз +33…35 градус болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты