8-августта: Абанын температурасы 36 градуска чейин жетиши күтүлөт
- 10 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 8-августта, тоолуу райондордо өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 14 метрге чейин жетет. Түнкүсүн +18…+20, күндүз +31…+33 градус.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




