8-апрелде: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

  • 1 неделя мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 8-апрелде, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +12…+17;

Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +10…+15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +14…+19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21;

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +11…+13, күндүз +15…+17.

Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты