Адвокат маркум журналист Арзыгүл Галымбетованын эжеси доодон баш тарканын билдирди

  • 2 года мурун

Маркум журналист Арзыгүл Галымбетованын эжеси доодон баш тартты. Бул тууралуу «Азаттык» медиасы журналисттин өлүмүнө шектелип жаткан блогер Батмакан Жолболдуеванын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаеванын маалыматына таянып жазды.

Адвокаттын айтымында, маркумдун эжеси буга чейин толук маалыматы болбогондуктан блогерди күнөөлөп келгенин айткан.

Өткөн жылдын 25-мартында AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган. Анын өлүмүнө шектелип блогер Батмакан Жолболдуева кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 127 (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”), 190 (“Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”), 379 (“Документтерди жасалмалоо”) жана 280-беренелери (“Бейбаштык”) менен төрт кылмыш иши козголгон.

18-августта Баткен райондук соту Батмакан Жолболдуеваны үй камагына чыгарган. Айыпталуучу тарап ага коюлган айыптарга макул эмес экенин айтып келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты