7-сентябрда: Айрым жерлерде 35 градуска чейин ысык күтүлөт

  • 9 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 7-сентябрда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:   

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;

Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34 градус.

Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан/АзатЭркебаев

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты