7-октябрдагы аба ырайы
- 8 месяцев мурун
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 7-октябрда, күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +15…+20;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +14…+19 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5°, күндүз +18…+20° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Т. Байзак
Муну бөлүшүү




