7-март: Айрым аймактарда жаан, кар жаайт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн, 7-мартта, Талас, Жалал-Абад облустарында жана Чүй, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаашы ыктымал, Ысык-Көл облусунда жаан, кар жаашы күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9;
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10;
Ош, Жалал-Абад облустарында -1…+4, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5.
Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2° суук, күндүз 6…8° жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




