7-июнда: Айрым жерлерде жаан жаайт

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 7-июнда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:  

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23;

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17°, күндүз +29…+31 градус болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты