7-июнь: Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн,  7-июнда, түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, ЖалалАбад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, Чүй, Ош, ЖалалАбад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаанчачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 24…29;

Талас облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 19…24, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 26…28 градус болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты