7-июлда: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 38 градуска чейин ысык болот

  • 1 год мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 7-июлда, жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…20, күндүз +31…36;

Талас облусунда түнкүсүн +12…17, күндүз +29…34;

Баткен облусунда түнкүсүн +18…23, күндүз+ 33…38;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…24, күндүз +33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…19, күндүз +24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн +9…14, күндүз +27…32;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…20, күндүз +32…34 градус болот.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты