7-февралда: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт
- 6 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 7-февралда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жана кар жаайт. Айрым аймактарга туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан, кар жаайт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз +2…+4.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




